Бул методикалык колдонмо «Мекен таануу» курсу боюнча (4-класс) сабактарга бөлүнүп, окуу китеби менен иштөөгө багытталган.
Сабактарды уюштуруу окуучуларды маалымдуулуктун, социалдык-
коммуникативдүүлүктүн компетенцияларын калыптандырууга багыт көрсөтөт
жана билим берүү программасынын бардык талаптарына жооп берет. Окуу китебинде билим алууга балдардын активдүү катышуусу үчүн ар түрдүү кызыктуу
тажрыйба иштери колдонулду. Окуунун интерактивдүү методуна, окуучулар-
дын оозеки сүйлөөсүн өнүктүрүүгө, чыгармачылык машыгууларга көбүрөөк
көңүл бөлүндү.