«Түлкү талаада жойлоп жүрсө, ит ээрчиткен аңчылар көрүп калат. Алар тайгандарын агытып, түлкүгө кое беришет. Түлкү буту-бутуна тийбей качып отуруп тайгандан кутулбасын билгенден кийин жакын арадагы ийинге кире качат. Ошентип, тайгандар оозунан жулдурган бөрүдөй болуп, аңкайып сыртта туруп калышат...»