«Кыштын күнү кызыл кыргоол жээктеги бадалдан койкоюп чыгып, чаңкаганын жазыш үчүн астындагы чон-сууга кирди. Каптаган көк музду кыдырып жүрүп, күбүрдү араң таап, муздак суудан иче баштады. Ошондо булайган куйругу музга чып жабышып, чыкпай калган экен...»